АКШ Түркияга каршы жаңы санкцияларды киргизүүгө даяр

Автор -

Эгер америкалык пастор Эндрю Брансон бошотулбаса, АКШ Түркияга каршы кошумча санкцияларды киргизүүгө даяр. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын каржы министри Стивен Мнучин билдиргенин Bloomberg агенттиги кабарлады.

Түркияда 20 жылдан ашуун жашаган Брансон 2016-жылдын октябрында Измир шаарында камакка алынган. Анкара аны 2016-жылы жайында Түркияда болгон мамлекеттик төңкөрүш аракетине тиешеси бар деп айыптоодо. Прокуратура соттон пасторду 35 жылга эркинен ажыратууну сурап жатат. Августтун башында АКШ Түркиянын ички иштер жана юстиция министрлерине карата санкцияларды киргизип, алардын АКШ аймагына кирүүсүнө тыюу салган. Анкара буга ушундай эле өңүттө жооп кайтарган. Вашингтон пастордун куугунтукка алынышына министрлердин тиешеси бар деп эсептейт.

15-августта сот Брансонду үй-камагынан бошотуудан баш тарткан.

10-августта Вашингтон түрк болоту менен алюминийине болгон бажы төлөмдөрүн жогорулаткан. Бул Түркиянын фондулук биржасынын жана улуттук валютасынын кескин арзандашына алып келди. Буга жооп кылып түрк президенти Режеп Эрдоган «жаңы досторду» издөөгө даяр экенин айтып, өлкөгө америкалык электрониканы алып кирүүгө тыюу саларын билдирген.

Бөлүшүү