Курман Айт намазы учурунда 2 миң милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлгө алат

Автор -

21-август күнү Курман Айт намазы учурунда 2 миң милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлгө алат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

«Айт намаз окула турган аянтка чоң көлөмдөгү буюмдарды, кесе турган же жарылуучу заттарды алып келүүгө болбойт. Айдоочулар жол кыймылына тоскоол болбош үчүн алдын ала унаа токтотуучу жайларды тандашы зарыл. Кичинекей балдарга көз салып туруңуздар жана аларды өз алдынча Айт намазга жөнөтпөңүздөр«, — деп айтылат маалыматта.

Айт намазга байланыштуу төмөнкү көчөлөрдө унаа кыймылына чектөө киргизилет;

  • Фрунзе көчөсү (Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин),
    • Абдымомунов көчөсү (Панфилов көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейин),
    • Орозбеков жана Раззаков көчөлөрү (Чүй кең көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин).

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү