Быстроток каналына чөгүп кеткен жарандын сөөгү Чоң Чүй каналынан табылды

Автор -

Бүгүн, 22-август күнү Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айылындагы Быстроток каналына агып кеткен 24 жаштагы жарандын сөөгү табылды.

«Издөө иштеринин натыйжасында Чоң Чүй каналынан эркек адамдын сөөгү табылып, ал изделип жаткан жаран экендиги аныкталды»,-деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын 15-август күнү саат 10:40 чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айылындагы Быстроток каналына 1994-жылы туулган Ш. уулу К. аттуу жаран түшүп кеткен. Ошол күндөн бери издөө иштери жүргүзүлгөн.