Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Быстроток каналына 1994-жылы туулган Ш. уулу К. аттуу жаран түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кырсык 2018-жылдын 15-августунда болгон. Куткаруучулар издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн, бирок бир жумадан бери табыла элек.
«Издөө иштери бүгүн улантылат»,-деп айтылат маалыматта.