Депутат Гүлшат Асылбаева Кыргызстандагы казак диаспорасынын төрайымы болуп шайланды

Автор -

19-августта Бишкек шаарында Кыргызстандагы казактардын Ассоциациясынын кезексиз съезди өттү. Жыйында Ассоциациянын жаңы жетекчисин шайлоо, ошондой бирикменин уставы жана башка уюштуруу маселелери каралды.

Съездин чечими менен казак диаспорасынын төрайымы болуп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Гүлшат Асылбаева шайланды.

Өз сөзүндө диаспоранын жаңы төрайымы көрсөткөн ишеними үчүн бардык съезддин катышуучуларына ыраазычылык билдирип, Кыргызстандагы элдердин биримдигин бекемдөөгө байланышкан бийлик бутактарындагы өз ара алаканы чыңдоодо жана өлкөдөгү коомдук-саясий турмушта аталган Ассоциациянын маанилүүлүгүнө токтолду.

Ошондой эле Гүлшат Асылбаева жыйын катышуучуларын ыйык Курман айт майрамы менен куттуктап, өлкөбүздүн ынтымакта, бакубатчылыкта өнүгүшүн тиледи.

Андан тышкары, Ассоциациянын ишин жакшыртууга багытталган пландары менен да бөлүштү.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү