Жогорку Кеӊешке жаӊы депутат келди

Автор -

Борбордук шайлоо комиссиясы Бектен Сыдыгалиевге Жогорку Кеңештин депутаты мандатын тапшырды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңешке «Кыргызстан» саясий партиясынан депутат болуп шайланып келген Насыр Мусаев жазган арызына ылайык, БШК тарабынан ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтогон.

Сыдыгалиев Бектен Качкыналиевич

1966-жылы Чүй облусунун шаарында туулган. Жогорку билимдүү. К.И. Скрябин атындагы КАЧИни “агроном” адистиги боюнча (1988-ж., Фрунзе ш.), СССРдин МКК Жогорку мектебин (1992-ж., Ташкент ш.), СССРдин Ю. Андропов атындагы МКК Кызыл Туулуу Институтун (1994-ж., Москва ш.) бүтүргөн.

Эмгек жолу:

2014-2015-ж.ж. – КР УКМКнын Казакстан Республикасындагы расмий өкүлү, Астана ш.;

2011-2014-ж.ж. – КР УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары, Антикоррупциялык кызматтын директору;

2008-2011-ж.ж. – КР УКМКнын чалгындоо башкармалыгынын начальниги;

1993-2008-ж.ж.  – КР УКМКнын чалгындоо бөлүмчөлөрүндө кызматта;

1991-ж. – КР Улуттук коопсуздук органдарында кызматта;

1990-1991-ж.ж. – Кыргызстан ЛКЖС Чүй райкому, комсомол уюмдары:

1988-1990-ж.ж. –  Чүй районунун С. Ибраимов атындагы ишкана, агроном.

Аскердик наамы – полковник.

КР Улуттук коопсуздук органдарында кызмат өтөгөн мезгилде төмөнкү мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылган:

— “Данк” медалы (2006-ж.) – чалгындоо ишиндеги сиңирген эмгеги үчүн;

— “Эрдик” медалы (2013-ж.) – чет өлкөдө кызматтык милдетин аткарууда көрсөткөн эрдиги жана каармандыгы үчүн.

2015-ж. январдан тартып “Кыргызстан” саясий партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү.

Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн.

Бөлүшүү