III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын маданий иш-чаралар түз ободо көрсөтүлөт

Автор -

III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын маданий иш-чаралары Коомдук биринчи каналдын «Маданият. Тарых. Тил» каналы аркылуу түз ободо көрсөтүлөт.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматына ылайык, Кырчын этношаарчасында өтө турган «Көчмөндөрдүн алтын кылымы» аттуу театрлашкан көрсөтүү, «Айтыш» эл аралык сынагынын финалы, «Көчмөндөрдүн оюндары» деген үч сааттык программалар түз ободо көрсөтүлөт.

3-6-сентябрь күндөрү маданий программа спутник аркылуу түз эфирден көрсөтүлүп турат.

Бөлүшүү