Подмосковьеде өзбекстандык 26 мигрант ууланып, бирөө каза болду

Автор -

Подмосковьеде курулушта иштеген 26 өзбекстандык мигрант ууланды. Бул тууралуу РИА Новости Москва облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме кылып жазды.

Орусиялык басылмалардын маалыматына караганда, уулангандардын 23ү ооруканага жаткырылды. Дагы бирөөсү тез жардам келгенче каза болсо, экөөсү ооруканага жатуудан баш тарткан.

«Жалпысынан 26 киши ууланып, өздөрүн жаман сезип жаткан 23ү ооруканага жаткырылды. Учурда алар бардык зарыл болгон медициналык жардамды алып жатышат. Жабыркагандардын экөөсү ооруканага жатуудан баш тартса, бирөөсү тез жардам барганга чейин каза болуп калган», – деп билдиришти облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан.

Москва облусунун саламаттык сактоо министри Дмитрий Марковдун айтымында, окуя болгон жерде жети тез жардам бригадасы жана Медицина борборунун эки бригадасы иштеген.

Басылманын өз булактары кабарлашкандай, өзбекстандык куруучулар 18-августта эле тамактангандан кийин өздөрүн жаман сезе башташкан, бирок өз алдынча дарыланып көрүүнү чечишкен. Аларга болжолдуу түрдө гастроэнтерит деген диагноз коюлду.

Бөлүшүү