Самаркандда үлпөт тойдо жети адам тамакка ууланды

Автор -

16-сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында жети адам тамак-аштан ууланып ооруканага кайрылды.

«16-сентябрда эки сааттын ичинде шаардын ар кайсыл бөлүгүндө жашаган жети тургун облустук ооруканага кайрылды. Алардын бардыгынын оору белгилери окшош болгон»
деп билдирди облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Кийинчерээк ооруканага кайрылгандардын бардыгы тең 14-сентябрда шаардагы «Мўжиза» ресторанында өткөн үлпөт тойдо мейман болгону аныкталган. Алар арткан тамак-ашты үйлөрүнө алып кетип, эртеси жеген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү