Түркмөнстандын Дашөгүз облусунда мектеп мугалимдеринен ноутбуктарды сатып алып, анда иштөөнү үйрөнүүнү талап кылышууда.
«Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлагандай, мындай талап мугалимдер тажрыйба алмашуу үчүн жыл сайын чогула турган педагогикалык кеңеш маалында айтылды.
Маалыматка караганда, мугалимдер педагогикалык кеңешке катышууга байланышкан чыгымдарды толугу менен өзүлөрү төлөйт жана мамлекет тарабынан акча берилбейт.
«Мындан тышкары бардык мугалимдерден ноутбук сатып алууну талап кылышууда. Алардан 1-сентябрга чейин сатып алып, анда иштөөнү үйрөнөм деген тилкат жаздырып алышты»,— деп жазды басылма.
Аты-жөнүн айткысы келбеген ашхабаддык эки мугалим аларда ноутбук сатып алууга каражаттары жок экенин, тапкан акчалары үй-бүлөнү багууга араң жетип жатканын билдиришти.