Бишкек шаарында «Тилемчи» аталышындагы рейд өтүп, 101 өспүрүм кармалды

Автор -

Бишкек шаарында «Тилемчи» аталышындагы рейд өтүп, жыйынтыгында 101 өспүрүм кармалды. Бул туурасында Бишкек ШИИББден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-августтан 17-августка чейин өткөн профилактикалык иш-чаранын максаты тилемчилерди гана эмес, үй-жайы жокторду жана үйүнөн чыгып кеткен өспүрүмдөрдү аныктоо болгон. Рейд күндүз жана түнү жүрдү.

Милиция кызматкерлери компьютердик клубдарды, жылуулук өтчү түтүктөрдү, базарларды, жер төлө жана башка өспүрүмдөр көп чогулган жайларды кыдырышты.

Рейд жүргүзүүгө 241 тартип сакчысы, 26 билим берүү органдарынын кызматкери тартылган. Анын жыйынтыгында, тилемчилик кылып же селсаяк катары күн кечирип жүргөн 101 жашы жете элек балдар кармалды. Алардын бирөө интернатка, үчөө-социалдык борборго, алтымыш беши-  Жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча борборго жөнөтүлгөн. 11 бала каттоого алынды. Кароосуз калган 32 өспүрүм, тилемчилик менен жан баккан 6, иштеп жүргөн 9 бала аныкталды.

Бөлүшүү