24-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

Бүгүн, 24-августта түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29,

Талас жергесинде түнкүсүн 7…12, күндүз 24…29,

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 24…29,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25,

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25 градус болот.

24-августта Бишкекте жамгыр жаабайт. Абанын температурасы  түнкүсүн 14…16, күндүз 26…28 градус ысык болот.