Ысык-Көл: Бакты-Долоноту ат майданында өрт чыкты

Автор -

Ысык-Көл районунун Бакты-Долоноту айылында жайгашкан ат майданында өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өрт ат майдандын ичиндеги атканадан чыккан. Анда 700 чарчы метр тезек күйүп кеткен.

Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Белгилей кетсек, Мухаммедкалый Абылгазиев  18-августта, Ысык-Көл облусуна бир күндүк жумушчу сапарынын алкагында III  Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдун даярдыгын текшерген.