Эдилбек Стакеев Аламүдүн районунун прокурору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бүгүн, 29-августта кол койду. Буга чейин аталган кызматты Шабдан Муратбеков аркалап келген.
Стакеев буга чейин Бишкек гарнизонунун аскердик прокурору кызматында иштеп келген.