Аламүдүн районунун жаӊы прокурору дайындалды

Автор -

Эдилбек Стакеев Аламүдүн районунун прокурору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бүгүн, 29-августта кол койду. Буга чейин аталган кызматты Шабдан Муратбеков аркалап келген.

Стакеев буга чейин Бишкек гарнизонунун аскердик прокурору кызматында иштеп келген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү