Кара-Кулжада сибирь жарасын жуктуруп алган бейтаптар ооруканадан чыкты

Автор -

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда күйдүргү жуктуруп ооруканага жаткырылган 12 адамдын калган тогузу да дарылануудан кийин ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Мындан ары бейтаптар такай адистердин көзөмөлүндө болуп, дарылоо курсунан өтүп турушат.

Белгилей кетсек, 15-августта Кара-Кулжа аймактык ооруканасына 12 адам сибирь жарасына шектелип жаткырылган. Ал эми 23-августта бейтаптардын үчөө ооруканадан чыгарылып, калгандары Кара-Кулжа райондук ооруканасында дарыланып жаткан. Бейтаптардын баары ооруган уйду союуга катышып, анын этин бөлүп алышкан

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү