Казакстанда түрмөдө кыйноого кабылды делген киши каза болду

Автор -

Алматы облусунда түрмөдө токмок жегенден кийин ооруканага түшкөн Кайрат Егимбаев кайтыш болду. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматына маркумдун адвокаты Айгүл Баймагамбетова кабарлады.

Егимбаев 26-августка караган түнү көз жумган.

Бул маалыматты анын аялы Айжан Омар да тастыктады. Анын айтымында, күйөөсү Капшагай шаардык ооруканасынын жан сактоо бөлүмүндө жаткан. 27-августта Егимбаев ооруканага түшкөнү жана кыйноого кабылганы тууралуу көрсөтмө бермек.

Кайрат Егимбаев ооруканага бир ай мурун жаткырылган. Туугандарынын айтымында, ал ур-токмокко кабылган, ага бир нече жолу операция жасалган. Түрмө администрациясы Егимбаев “30 сантиметрлик бийиктиктен жыгылып, жаракат алганын” маалымдаган.

Соттолгон жаран ооруканага жаткырылгандан кийин түрмөдө териштирүү башталып, анын жыйынтыгы менен кызматкерлердин ишине баа берилмек.

Жаза аткаруу комитет өкүлүнүн билдиришинче, маркум тирүү кезиндеги териштирүү учурунда өзүнүн кылдатсыздыгынан улам жаракат алганын айткан. Бирок анын адвокаты Егимбаевге бул өңүттө арыз жаздырууга мажбурлашканын билдирген.

Бөлүшүү