Кыргызстанга аткезчилик жолу менен полиэтилен каптарына салынган пияздарды ташып келген унаа кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 7 миң 380 кг пияз жүктөлгөн автоунаа Баткен облусунун аймагында бажыга тийиштүү жана товар коштоп жүрүүчү документтери жок кирген.
Аталган факты боюнча материал Баткен обулустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди