Сүлүктү шаарындагы шахтада набыт болгондордун үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүлдү

Автор -

Сүлүктү шаарындагы шахтада набыт болгондордун үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «Республика- Ата Журт» фракциясы кабарлады.

Депутат Таабалды Тиллаев маркум шахтерлордун үй-бүлөлөрү менен жолугушуп, өзүнүн жана парламенттин төрагасынын атынан жардам берген.

Таабалды Тиллаев жергиликтүү бийлик органдарына кен казуучу жайда коопсуз чараларын сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мындай окуялардын алдын-алууну буйруду.

Бөлүшүү