Азаттык журналист Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнүн чоо-жайын иликтеди (Видео)

Автор -

2018-жылдын 22-июлу «Азаттыктын» жамааты, кыргызстандыктар үчүн кабырганы кайыштырган оор жоготуу менен эсте калды.

Чыгаан журналист, көптөгөн курч иликтөөлөрү менен таанымал кесиптешибиз Уланбек Эгизбаев Ысык-Көлдө эс алып жүргөн убакта мезгилсиз кайтыш болду. Окуядан кийин кырк күн өтсө да Уланбектин өлүмү тууралуу түрдүү жоромолдор басаңдай элек.

“Азаттык” маркум чөккөн жерге барып, кесиптешибиздин өлүмүнүн чоо-жайын өз тарабынан иликтеп көрдү.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү