III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда тамеки чегүүгө чектөө салынат

Автор -
215

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда Кырчын жайлоосунда тамеки чегүүгө чектөө салынат. Бул туурасында ДКОнун басма сөз кызматы билдирди.

Вице-премьер-министр А.Өмүрбекованын тапшырмасы боюнча КР Саламаттык сактоо министрлигинде сунушталган концепциянын иш-чаралар планы түзүлдү, анын ичинде: тамеки тартуу үчүн өзүнчө жайларды аныктоо; аталган оюндардын статусу жөнүндө маалыматты жайылтуу жана маалымат кампаниясын жүргүзүү; спорттук объектилерди жана жайларды КР мыйзамдарына ылайык «Тамеки тартууга тыюу салынат» деген атайы белгилер жана маалымат материалдары менен камсыздоо; оюндар өткөрүлүп жаткан учурда оюндардын волонтерлорун жана конок тосуучу кызматкерлерин (барлардын, ресторандардын, мейманканалардын, эс алуу үйлөрүнүн жана пансионаттардын) Көчмөндөр  оюнун тамекинин түтүнүсүз өткөрүү концепциясы жөнүндө тамеки тартууга каршы чараларды сактоо боюнча ролдорун жана милдеттерин сактоого окутуу каралган.

Бөлүшүү