Кыргызстандыктар 31-августтан 3-сентябрга чейин эс алышат

Автор -

Кыргызстандагы мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын кызматкерлери 31-августтан 3-сентябрга чейин эс алышат. Бул тууралуу  Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Эгемендүүлүк күнү – 31-август календарда кызыл дата катары белгиленген. Ошондой эле өкмөттүн 2018-жылдын 28-февралындагы №117 токтомуна ылайык, 7-майдагы эс алуу күнү 3-сентябрдагы жумуш күнүнө жылдырылган.