Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 22 жаңы унаалуу болду

Автор -

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 22 жаңы унаалуу болду. Автоунаалардын ачкычын БУУнун өнүктүрүү программасынын жана Япониянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү тапшырды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, жаңы техникалар өз убагында сапаттуу жардам көрсөткөнгө жардам берет.

Маалыматка ылайык, мындан тышкары, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мамлекеттик бюджеттен 2,3 млн сомго өрт-куткаруу жабдууларын сатып алды. Бул жылы аталган мекеме 13,8 млн сомго өрт өчүрүүчүлөрдүн формасын сатып алат.