Советтик жана орусиялык ырчы, коомдук ишмер, СССР Эл артистти Иосиф Кобзон 81 жашында Москвада көз жумду. Бул маалыматты «Интерфакс» агенттигине маркумдун жубайынын жардамчысы тастыктады.
2005-жылы Кобзондун онкологиялык ооруга чалдыкканы аныкталган. Акыркы айларда анын абалы начарлаганы кабарланган. Ал 26-июлда ооруканага жаткырылган, бирок 7-августта ага үйүндө жардам көрсөтүү чечими кабыл алынган.
Кобзон эстрадалык ишмердүүлүгүнөн тышкары Гнесин атындагы мамлекеттик музыкалык-педагогикалык институтта сабак берген.
1990-жылы ал СССРдин Жогорку Кеңешинин, 1997-жылы Орусия Мамдумасынын депутаты болуп шайланган.
2014-жылы мартта Иосиф Кобзон Орусия президентинин Крымга карата саясатын колдоо боюнча маданият ишмерлеринин кайрылуусуна кол койгон. Андан кийин өзүн-өзү Донецк жана Луганск республикалары деп жарыялаган аймактарга барган. ЕБ, АКШ, Канада жана Украина Кабзонду санкциялык тизмеге киргизген.