Президент Ысык-Көлдө Илхам Алиев менен жолугушту

Автор -

Бүгүн, 3-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көлдө Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугушту.

Жолугушууда Жээнбеков Кыргызстан ишенимге жана урматтого негизделген бир туугандык мамилелерди өнүктүрүүгө чоң маани берерин, достук мамиледеги өлкөлөр менен ачык жана мазмундуу маектешүүгө даяр экендигин билдирди.

Илхам Алиев Кыргызстандын бүт дүйнөнү кызыктырган уникалдуу жаратылышы бар экенин айтты.

«Мен Кыргызстан менен кызматташууга чоң маани берем. Биз саясатта, экономикада кызматташтыкты арбытсак деген ниетибиз бар, транспорттук чөйрөдө абдан жакшы мүмкүнчүлүктөр ачылууда», — деп билдирди Алиев.

Ошондой эле ал Сооронбай Жээнбековду Азербайжанга расмий визит менен келүүгө чакырды.

Бөлүшүү