ДКО-2018: Медалдардын саны боюнча Казакстан алдыда

Автор -
272

Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында медалдардын эсеби боюнча Казакстан биринчи орунда.

3-сентябрдагы оюндардын жыйынтыгына караганда, Казакстан командасында 19 медал бар, анын жетөө алтын. Ал эми экинчи саптагы Кыргызстанда 18 медаль бар, анын бешөө алтын.

Үчүнчү орунга он эки медаль менен Түркмөнстан чыкты.

Андан кийин Орусия (7 медаль, 3 алтын) жана Өзбекстан (12 медаль, 2 алтын) турат.

Бүгүн, 4-сентябрда спорт мелдештердин алкагында ат чабыш (80 чакырымга), аркан тартыш, казак күрөшү, таяк тартыш, бүркүт салуу, далба, тайган жарыш, жана жаа атуу (улуттук) боюнча медалдар комплекти ойнотулат.

Ысык-Көлдө 2-сентябрда ачылган үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрда аяктайт. Оюндар Чолпон-Ата шаары менен Кырчын жайлоосунда өтүп жатат.