6-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

6-сентябрда Кыргызстандын айрым аймактарында жана тоолуу райондорундо жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолорго кар түшүшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29;

Таласта түнкүсүн +3…+8, күндүз +22…+27;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25;

Нарын облусунда  түнкүсүн +2…+7, күндүз +22…+27;

Эртеӊ, Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +26…+28.