III ДКО: Салбуурун боюнча жеңүүчүлөр аныкталды (Фото)

Автор -
413

Ысык-Көл облусунун Кырчын капчыгайында күн мурун Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Салбуурун боюнча мелдештер өткөрүлдү.

Оюндардын программасына бүркүт салуу, далба ойнотуу, жана тайган жарыш кирген.

Малыматка ылайык, бүркүт салуу мелдешинде 5 өлкөдөн келген 10 катышуучу болгон.

Бүркүт салуу боюнча жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

1-орун – Исмаилов Нурбек, «Оймок» (бүркүттүн аты) – Кыргызстан – 50 миң сом;

2-орун – Баймурзина Гулзина, «Баркад» — Россия – 30 миң сом;
3-орун – Кунтуган Серикбек, «Лашын» — Казакстан – 15 миң сом.

Далба ойнотуу боюнча 6 өлкөдөн 11 катышуучу катышкан.

Далба ойнотуу боюнча жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

1 -орун – Абдылдаев Муратбек, «Ташчайнар» (шумкардын аты) – Кыргызстан – 50 миң сом;

2-орун – Абдыкадыров Туголбай, «Ышкырык» — Кыргызстан – 30 миң сом;

3-орун – Илхомжон Джураев, «Сокол Балабан» — Өзбекстанн – 15 миң сом.

Тайган жарыш боюнча 5 өлкөдөн 19 катышуучу болду.

Тайган жарыш боюнча жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

1-орун – Мохамед Ал Мансори, «Тезаб» тайгандын аты) – БАЭ – 50 миң сом;

2-орун– Карабаев Мухидин, «Кылжейрен» — Кыргызстан – 30 миң сом;

3-орун – Фошкина Наталья, «Учар» — Россия – 15 миң сом.

Салттуу жаа атуу боюнча (Кыргыз Республикасынын эрежеси боюнча) 23 өлкөдөн 153 спортчу катышкан. Мелдеш эркектер жана кыз-келиндер арасында өткөрүлгөн.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Эркектер арасында:

1-орун – Peter Naloczli, Венгрия – 50 миң сом;

2-орун – Laszlo Koczka, Венгрия – 30 миң сом;

3-орун – Елисеев Виктор, Россия – 15 миң сом.

Кыз-келиндер арасында:

1-орун – Садырова Асель, Кыргызстан – 50 миң сом;

2-орун – Павлова Татьяна, Россия – 30 миң сом;

3-орун – Петрова Едокия, Россия – 15 миң сом.

Бөлүшүү