Айсулуу Тыныбекова Азия оюндарынын алтын медалына ээ болушу мүмкүн (Видео)

Автор -
243

18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезияда өткөн Жайкы Азия оюндарында монголиялык балбандан утулуп калган Айсулуу Тыныбековага алтын медаль берилиши мүмкүн.

Күрөш федерациясы билдиргендей, монголиялык балбан допинг колдонду деген жүйө менен алтын медалдан ажыратылды. Маалыматка ылайык, Орхон Пуревдорждун канынын курамында тыюу салынган «станозолол» препараты табылган.

Эрежеге ылайык, эми алтын медал бул беттеште экинчи орунду алган кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбековага берилиши керек.

Белгилей кетсек, Азия оюндарында  Айсулуу Тыныбекова алтын медаль үчүн монголиялык балбан кыз Орхон Пуревдорж менен күч сынашып, 11:0 эсебинде утулуп калган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү