Эртең, Кванджу шаарындагы Азия маданиятынын борборунда 7-сентябрда “Манас” эпосуна арналган көргөзмө ачылат.
Маалыматка караганда, иш-чарада корей тилиндеги «Манас» китептери коюлат. Мындан тышкары эпостон үзүндүлөр көрсөтүлөт.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин, КР илимдер академиясынын, КРнын улуттук көркөм сүрөт музейинин, улуттук китепканасынын өкүлдөрү, манасчы Рысбай Исаков, КРнын Корея Республикасындагы элчилиги катышат.
Белгилей кетсек, көргөзмө 3-декабрга чейин уланат.