III ДКО: финалда кыргыз жана өзбек көкбөрүчүлөрү ойнойт (Видео)

Автор -

Өзбекстандын көкбөрү боюнча улуттук курама командасы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жарым финалында Казакстандын командасын 5:4 эсебинде жеңип, финалдык таймашка жолдомо алды.

Буга чейинки жарым финалдык беттеште Кыргызстан менен Орусиянын Москва облусунун командасы беттешип, кыргыз көкбөрүчүлөрү 23:5 эсебинде жеңишке жетип, финалдык таймашка чыккан.

Эми Кыргызстан жана Өзбекстан командалары алтын байге үчүн бүгүн саат 18:00дө ойношот. Ага чейин саат 16:00дө 3-орун үчүн Орусиянын Москва облусу менен Казакстандын командалары таймашат.

Көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн көкбөрү боюнча оюндарга жалпысынан 11 команда катышып, төрт топко бөлүнүп ойноду. Өз тайпасында алдыңкы орунду ээлеген командалар жарым финалга жолдомо алышкан.

Бөлүшүү