Өзбекстандын биринчи президентинин кызы Гүлнара Каримовага пара берилгени далилденди

Автор -

Стокгольм сотунда Өзбекстандын биринчи президентинин кызы Гүлнара Каримовага ири өлчөмдө пара берген деп айыпталып жаткан Telia (мурдагы TeliaSonera) телекоммуникациялык компаниясынын экс-жетекчилеринин иши боюнча соттук жараяндын экинчи күнүндө Өзбекстан базарына кирүү үчүн кимге канча өлчөмдө пара берилгени тууралуу далилдер айтылды.

Айыптоочу бүтүмгө ылайык, 2007-2010-жылдар аралыгында TeliaSonera компаниясынын жетекчилиги Гүлнара Каримовага жалпысынан 400 миллион доллар пара берген.

Мындай айыптоолорго айыпталуучулардын кат жазышуулары, акча которуу жана Швейцарияда Гүлнара Каримовага таандык банк кутучасынан табылган документтер негиз болуп берген.

Прокурор Гуннар Стетлердин айтымында, TeliaSonera Өзбекстандын мобилдүү байланыш базарына 2007-жылы февралда америкалык MCT Telecom компаниясынын акцияларын сатып алуу менен кирүүгө аракет жасаган. Telia компаниясынын жетекчилеринин каттарында “жогору жак бата бербесе” бизнес жүргүзүү мүкүн эмес экени, ал эми MCT Telecom компаниясынын акцияларын алуу үчүн Өзбек маалымат технологиялар агенттигинин директоруна пара берүү зарылдыгы айтылган.

Telia жетекчилеринин жеке кат алышуусунда Гүлнара Каримованы «G, Lady, the Daugter» деп аташкан. Ал телекоммуникациялык базарга кирүү үчүн “жашыл жарык” бере турган Өзбекстандын эң таасирлүү кишилеринин бири экени айтылган. Сүйлөшүүлөрдө Ислам Каримовдун кенже кызынын да ысымы аталат. Бираз убакыт өткөндөн кийин TeliaSonera бизнес жүргүзүү үчүн Гүлнара Каримова менен макулдашып, президенттин кичүү кызы менен сүйлөшүүдөн баш тартат.

«Мен пара берүү фактысын далилдей алдым жана пара алган киши Гүлнара Каримова болгонунан шегим жок. Калганын сот чечиши керек», – деди прокурор Гуннар Стетлер.

Стокгольмдо Өзбекстандын биринчи президентинин кызы Гүлнара Каримовага ири өлчөмдө пара берүү боюнча сот иши 4-сентябрда башталган. Бул иште айыпталуучу катары аталган компаниянын мурдагы аткаруучу директору Ларс Нюберг, мурдагы каржы директору жана вице-президенти Теро Кивисаари, ошондой эле анын мурдагы башкы кеңешчиси Ули Туима өтүүдө.

Бул ишти кароо 5-6 айга созулат. 11-14-декабрда Стокгольм сотунда прокурорлор менен адвокаттардын акыркы сөздөрү айтылып, өкүм 2019-жылдын январь-февраль айларында чыгат.

Бөлүшүү