Өмүрбек Текебаев өзүнө операция кылууга уруксат бере элек

Автор -

«Онкология борборунун дарыгерлери мурунку депутат Өмүрбек Текебаевден керектүү анализдерди алганы менен, анын калкан безинин аймагында пайда болгон шишиктин мүнөзүн аныктай албай жатышат»,-деп билдирди депутаттын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова.

Учурда мурунку депутат неврология бөлүмүндө дарылануусун улантууда.

«Дарыгерлер шишикти операция жолу менен алып салууну сунуштап жатышат. Буга өзү макулдугун бере элек, 1 жарым жылдан бери дарыланган жок, операция жасатуу үчүн адамдын организми аны көтөрүш керек», — деп кошумчалады Токтакунова.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаевди Улуттук кардиология борборуна 1-августта алып келишкен.

Бөлүшүү