Казань шаарында өткөн эл аралык кинофестивалдын башкы байгесин кыргызстандык Аскар Нуракун уулу алды.
Кинофестиваль 3-сентябрдан 6-сентябрга чейин болуп өткөн. Анда Нуракун уулунун «Киноман» тасмасы «Мыкты кыска метраждуу фильм» номинациясында жеңүүчү деп табылган.
Фильм «Айтыш Фильм» киностудиясы менен КТУ «Манас» университетинин бирдикте тарткан эмгеги болуп саналат. Тасмада кино көрөйүн деген аракети ишке ашпай калган баланын окуясы чагылдырылган. Кино көрүүгө кирбей калган кичинекей кино сүйүүчү тааныш болгон тасмалардын үнүн угуп гана тим болот. Бирок киного болгон кызыгуусу күч болгон бала аягында каалаган максатына жетет.
Белгилей кетсек, биздин редакция Аскар Нуракун уулу менен экслюзивдүү маек курган.