Орусиянын Анапа шаарында өткөн “Киношок-2018” фестивалында кыргызстандык киночулардын төрт тасмасы сыйлык алды. Таалайбек Кулмендеевдин «Мунабия» фильми баш байгени жана «Эң мыкты сценарий» сыйлыгын жеңип алды.
«Эң мыкты операторлук иш» -Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык” тасмасынын оператору Кабылжан Хамидовго ыйгарылды.
«Эң мыкты музыкалык композиция» — Т. Бирназаровдун “Түнкү кырсык” тасмасынын композитору Асылбек Өзүбековго ыйгарылды.
Кыска метраждуу фильмдер арасынан Аскар Нуракун уулунун “Киноман” тасмасы калыстардын атайын сыйлыгына татыды.
Даректүү фильмдер боюнча атайын дипломго Токтобек Үсөновдун “Аялга татыксыз түйшүк” тасмасы ылайык деп табылды.
Белгилей кетсек, 1992-жылдан бери уюштурулуп келе жаткан “Киношок-2018” фестивалы быйыл 2-9-сентябрда өттү. Фестивалга КМШ мамлекеттеринен, Балтика өлкөрүнөн тасмалар сунушталат. Быйыл 60тан ашуун фильм катышты.