Президент Жогорку Кеңештин төрагасы менен жолугушту

Автор -

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жолугушту. Жолугушуу Кыргызстандын парламентинин кезектеги сессиясынын башталышына байланыштуу болуп өттү. Анда мыйзам чыгарууну жакшыртуу, өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүнүн маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Жээнбеков өз сөзүндө, Жогорку Кеңеш биринчи кезекте карай турчу мыйзамдардын пакети бар экенин белгиледи. Алардын ичинде республикалык бюджеттин кийинки жылга карата долбоору. Ошондой эле 2018-2019-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдык маселелери боюнча өкмөттү мыйзам жагынан колдоо зарыл экендигин белгиленди.

«Бардык өзгөртүүлөр шайлоо дайындалган мөөнөткө бир жыл калгандан кеч эмес такталышы керек жана кийин «оюндун шарттары» өзгөрбөшү керек», — деди Жээнбеков.

Жогорку Кеңештин төрагасы өз кезегинде парламенттин профилдик комитеттери жана депутаттык комиссиялары өз ишин баштаганын, бул жумада парламенттин отурумдары өткөрүлөөрүн билдирди.