12-сентябрда Кыргызстандын айрым аймактарында жаан-жаап, күн күркүрөшү, тоолорго кар түшүүсү мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ыладмдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25
Таласта түнкүсүн +3…+8, күндүз +19…+24;
Ош, Жалал-Адаб, Баткен облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +17…+22;
Нарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +19…+24.
Эртеӊ, Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз бираз жаан себелеши мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +22…+24 градус жылуу.