Ташкентте Мирзиёевге видеокайрылуу жасаган имам иштен алынды

Автор -

Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёевге видеокайрылуу жасаган Ташкенттеги мечиттердин биринин имам-хатиби Фазлиддин Парпиев ээлеген кызматынан алынды. Мусулмандар дин башкармалыгынын буйругунда Парпиев Этика комитетинин буйругу менен иштен кетирилгени жазылган.

Мусулман дин башкармалыгынын 8-сентябрда жарыяланган буйругунда имам-хатиб менен эмгек келишими мыйзамдын негизинде бузулганы жазылган.

Фазлиддином Парпиев өткөн аптада жума намаз маалында укук коргоо органдарынын кызматкерлерин сынга алып, алар мусулман эркектерге сакал койгондугу, аялдарга хижаб кийгендиги үчүн басым жасап жатканын айткан. Андан мурдараак ал өлкө президенти Шавкат Мирзиёевге видеокайрылуу жасап, дин эркиндигин камсыз кылууга жардам берүүсүн өтүнгөн. Өз билдирүүсүндө ал укук коргоо органдарын айыптап, алар Өзбекстан жарандарынын Конституцияда көрсөтүлгөн диний эркиндиктерин бузуп, президенттин саясатына каршы иш кылып жаткандыктарын айткан.

Кийинчерээк имам Мусулмандар дин башкармалыгы ага басым жасап, буга чейин айткандары үчүн өкүнүп жатканын эл алдында мойнуна алууну талап кылганын билдирген. Мындан тышкары ал өткөн жума намазында мечитке Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү келип, аны суракка алышканын айткан.

Фазлиддин Парпиев жумуштан алынгандыгы тууралуу эч кандай маалыматтарга ээ эмес экенин билдирди. Ал ошондой эле элге билдирүү жасоо ыйгарым укугунан ажыратылгандан кийин, мечитке келгендердин алдында жана социалдык түйүндөрдө билдирүү жасабай, ЖМК өкүлдөрүнүн суроолорун дагы жооп бербей турганын кошумчалады.

Фазлиддин Парпиев Ташкенттеги «Омина» мечитине имам-хатиб болуп бир ай мурда дайындалган.

Бөлүшүү