Британдык белгилүү бир нече саясатчылары менен катар, Лондон шаарынын мэри Садик Хан кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдык маарекесине арналган Кыргызстандын Улуу Британиядагы Элчилиги уюштурган «Айтматов окуулары» иш-чарасына катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Садик Хан видео аркылуу чыгып сүйлөгөн сөзүндө, жазуучунун «Жамийла» аттуу чыгармасынан үзүндү окуп берди.
Иш-чараны уюштурууга Улуу Британиянын Парламентинин алдындагы «Улуу Британия-Кыргызстан» Жалпы партиялык парламенттик достук тобунун Секретариаты өзүнүн колдоосу менен жардамын берди.