Төрө Кожошевдин туугандары сөөктү экспертизага берүүдөн баш тартышты

Автор -

Ош облусунда муунуп өлгөн прокурордун орун басарынын туугандары соттук-медициналык экспертизадан баш тартышты. Бул тууралуу Ош ОИИБдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда Төрө Кожошевдин өлүмү боюнча факт иликтенүүдө.

«Каза болгон кишинин сөөгүн алгач жубайы көргөн. Учурда баардык божомолдор текшерилүүдө. Төрө Кожошевдин туугандары сөөктү экспертизага берүүдөн баш тартышты», -деп жазылат маалыматта.

Анын денеси 10-сентябрда үйүндө табылган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү