Бишкек шаардык соту Кубанычбек Кулматовду сентябрдын аягына чейин камакта калтырды

Автор -

Бүгүн, 11-сентябрда шаардык сот Кулматовдун баш коргоо чарасынын мөөнөтүн узартуу маселесин карап,  экс-мэр Кубанычбек Кулматовду 28-сентябрга чейин камакта калтырды.

Шаардык соттун алдына Кулматовдун 30га жакын тарапташтары келген. Соттук отурум жабык өттү.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын 18-майында Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын мурунку мэри К.Кулматовго КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айып тагылып, эч жакка кетпөө жөнүндө баш коргоо чарасы каралган.

5-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кулматовдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, тергөө аягына чейин КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына кармоо чечимин чыгарган.

18-июнда Бишкек шаардык моту Бишкектин мурдагы мэри Кулматовду камакта калтырган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү