Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султанов президентке кайрылуу жолдоду

Автор -
429

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султанов президент Сооронбай Жээнбековго Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу кайрылуу жолдоду. Анда элчи айрым маалыматтар өлкө башчысына түз жетпей жатканына күмөнү бар экенин билдирет.

«Урматтуу Сооронбай Шарипович!
Кыргыз Республикасынын Тышкы Иштер министрлигиндеги «кемчиликтер» (жумшартып айтканда) тууралуу Сиздин Аппаратыңызга кайрылдым эле…

Сиздин ишенген чөйрөңүзгө ал «кемчиликтерге» караганда «Супер-Инфо» экс-президент Алмазбек Шаршеновичке сатылган» деген ушак маанилүү экени мени таң калтырды.
Ушундай жардамчыларыңыз Сиздин ишмердүүлүгүңүзгө зарыл болгон чындыкты дайыма акты актай, караны карадай кылып жеткирээрине ишене албайм.
Урматтуу Сооронбай Шарипович,
Сиздин «Ала карганы атынан чакыр» деген чакырыгыңызга карабастан, тиешелүү маалыматтарды Сизге түз жеткирүү мүмкүнчүлүгү чөйрөңүздөгү кээ бир таасирлүү тараптар аркылуу чектелгенин балким билбестирсиз. Мамлекетибиздин кызыкчылыгына зарыл маалыматтарды Сизге түз жеткирүү өтүнүчүм менен Сизге ачык кайрылганымдын себеби мына ушунда».

Бөлүшүү