Бишкек шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрүнүн кино күндөрү өтөт

Автор -

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын “Кино анимация” боюнча 6-жыйынынын алкагында Түрк тилдүү өлкөлөрүнүн кино күндөрү Бишкек шаарынын “Манас” кинотеатрында 2018-жылдын 13-16 сентябрында өтөт.

Кино күндөрүнүн ачылыш аземи 13-сентябрда “Манас” кинотеатрынын чоң залында белгиленет.

Иш-чара аталган комиссиянын төрагасы баш болгон Азербайджан, Казахстан, Кыргызстан жана Түркиянын парламенттеринин депутаттары, маданият министрликтеринин жана дипломатиялык мекемелердин өлкүлдөрү, кинорежиссерлор, аниматорлор жана маданият ишмерлеринин катышуусу менен өтөт.

Көрсөтүүлөрдүн программасына ылайык көрүүчүлөргө Азербайджан Республикасынан “Кызыл бакча”, Казахстан Республикасынан “Оралман”, Кыргызстан Республикасынан “Түнкү кырсык”, Түркия Республикасынан “Буудай” жана “Айла” көркөм тасмалары тартууланат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү