Нарын облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Автор -

Нарын облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 11-сентябрь күнү саат 13:18 чамасында Нарын облусунун аймагында очогундагы күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Нарын районунун Арчалы жана Узун-Булак айылдарында 3 баллга, Эки-Нарын жана Таш-Башат айылдарында 2,5 баллга сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.