Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Тышкы иштер министрлигине чакыртылды

Автор -

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат 11-сентябрда Тышкы иштер министрлигине чакыртылып, эки өлкөнүн алака-катышындагы маселелер талкууланды.

Тышкы иштер министрлигинин кабарына ылайык, кыргыз тарап элчиге «коомчулукка объективдүү маалыматты гана жеткирип туруу каалоосун айткан».

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанда 1-2-сентябрда расмий сапар менен болгон. Бул сапардын жыйынтыгы тууралуу элчи Женгиз Камил Фырат Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, «Сапат» билим берүү мекемелеринин имараттарын Түркиянын «Маариф» фондуна өткөрүү пландалып жатканын билдирген. Кыргызстандын Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева мындай сүйлөшүү болбогонун айткан.

Бөлүшүү