Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Түркиянын Бишкектеги элчиси Женгиз Камил Фыратты Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарын сыйлоого чакырып, анын үстүнөн Түркияга нота берди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Женгиз Камил Фырат өзү 6-июнда Тышкы иштер министрлигине чакырылган.
ТИМ элчини Сокулук районунун Орок айылында Кыргызстандын жарандарынын ортосундагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча укук коргоо жана жергиликтүү органдарынын эл менен жүргүзүп жаткан иштеринин жүрүшүндө элчинин барышы ички ишке кийлигишүү катары бааланган.