Аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн

Автор -

Эртеӊ, 14-сентябрда Ош, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жана  тоо кыркаларында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;

Талас облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 19…24;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөндөрүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23;

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9, күндүз 22…24 градус болот.