Район акими $400 миң пара алып жатып кармалды

Автор -
458

Ташкенттин Юнусабад районунун акими Бахтиёр Абдусаматов ири өлчөмдө пара алып жаткан жеринен кармалды. Акчаны ал ишкерлердин бирине жер тилкесин бөлүп бергендиги үчүн сураган. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты.

Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, район башчысы пара катары 400 миң доллар алып жаткан маалда Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү тарабынан кармалган.

Мындан тышкары ири өлчөмдө пара алып жаткан учурда дагы бир нече киши кармалганы кабарланууда.

42 жаштагы Абдусаматов борбордогу Юнусабад районунун башчылыгына былтыр апрелде дайындалган. Ага чейин өлкөнүн Жаратылышты коргоо боюнча мамлекеттик комитетин жетектеп келген.

Былтыр 11-апрелде видеоселектордук жыйын маалында президент Шавкат Мирзиёев Абдусаматовго сөгүш жарыялаган. Бир жумадан кийин ал жогорку кызматтагы ордунан бошотулуп, Юнусабад районунун башчысы болуп дайындалган.

Бөлүшүү