Жыргалаң капчыгайында адашып калган турист табылды (Фото)

Автор -

«Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда кечээ, 12-сентябрда Жыргалаң капчыгайында 1990-жылы туулган Ш. М. аттуу турист адашып кеткен. Ал Израилдин жараны болгон», — деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, издөө иш-чараларына 8 куткаруучу тартылып, бүгүн саат 09:05 туристти табышып, саат 14:44тө Жыргалаң айылына алып келишкен.

Жоголуп кеткен туристин абалы жакшы.undefinedundefined