Эл аралык террордук топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында коопсуздукту камсыздоодо жана Сириядагы куралдуу жаңжалдарга катышууга үгүттөөчүлөрдү аныктоо жана алардын ишине бөгөт коюу боюнча өткөргөн контртеррористтик иш-чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын жараны, 1994-ж.т. «Х.И.» кармалган.
Ал КМШ өлкөлөрүнүн биринде узак убакыттан бери жашап, Сириядагы жаңжал болуп жаткан аймактарга рекруттарды үгүттөө менен алектенип келген.
Учурда тергөө органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.
Учурда тергөө жүрүп жатат.